Print logo

Кыргызстан/Джалал-Абад
Азык тулук коопсуздугу жана органикалык чарба жургузуу

2021-жылдын 13-19 апрелдинде «Азык тулук коопсуздугу жана органикалык чарба жургузуу» боюнча тренинг Чолпоната айыл аймагынын Каракунгей, Актектир, Ултанкамыш, Чолпоната, Кушчусуу, Мазарсуу айылдарындагы жашоочу 200адамдын катышуусу менен откорулду

Айыл аймагынын жашоочулары негизинен талаачылык жана мал чарбачылык менен алектенишет. Айыл аймагында 7850 адам жашайт. Жашоочулардын бардыгы талаачылык-мал чарбасы менен гана алектенет. Айыл аймагында эч кандай ондуруштук мекеме-уюмдар жок.

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Айыл жана мал чарбасын реформалоо боюнча” Указына ылайык 1993жылга чейин торолгондорго гана улуш жер аянты болунгон, ал эми  кийин торолгон жарандарга жер улушу берилген эмес.

Ошол эле мезгилде айыл жашоочуларынын азык тулук коопсуздугу оз денгээлинде эмес десек жанылышпайбыз. Анткени мал чарбасынан алынуучу азыктар малдын коп оорууларынын пайда болуусу менен жалан дары менен ондурулуп жатат. Озгочо пландуу дарылоонун жоктугунан бруцелез ооруусу коп жайылган, бул оору малдын этинен жана сутунон жугары белгилуу. Айыл жашоочуларынын 60-70%да мал бар, орточо 1-2 уй, 5-10 жандык, ал эми жаштардын 70-80%да мал жок. Ошондуктан коп жаш уй булолор уй булосун багуу учун чет олколорго кетууго аргасыз болууда.  

Ал эми талачылыкта абал мындан дагы жаман. Жер аянттары союз учурунан бери айдалууда, которуштуруп айдоо деген жок. Мына ошонун эсебинен айдоо жерлер арыктап кунарсыз болуу менен тушумдуулук ото томон. Мисалы  айдоо жери кунарлуу болсо 1 гектардан 20-25 центнер буудай алууга туура келсе, азыркы учурда 10 центнер дагы жетпей калууда, мына ошонун эсебинен актабай жатат. Ошол учурда тушумду жогорулатуу учун 1 гектарга 100-120 кг минералдык жер семирткич норма болсо 150-200 кг себуу менен азык тулуктогу нитрат ото кобойуп кетуу менен ден соолукка зыяны коп болууда. Тушумдуулукту жогрулатуу максатында минералдык жер семирткичтерди ашыкча пайдалануу учурлары такай болууда.

Уй алдындагы чакан жерлерине айдаган жашылча жемиштерине тушкон зыянкечтерди жок кылуу максатында дагы зыяндуу дары дармектерди коп пайдаланышууда.

Озгочо ГМО, эч кандай документтери жок урондорду пайдалануу колго алынган. Мисалы Голландиядан келген бадыран уруктун бир даанасын 8-10 сомго чейинки баада сатып алып айдашкан, анткени бышканда узундугу 50-60 см жетип аябай шумдук экен дегенбиз. Ал эми кытай жугору уронун азыр дагы себишет, анткени тушумдуулугу жогору, бирок зыяны малга адамга  дагы бар экендиги, тоютту мал жакшы жебей жаткандыгын мал ээлери оздору тренингде айтып беришти. Корсо, ГМО экендигин кийин билип олтурабыз. Мына ушул маселелер тренингде ачык пикир алышуу менен талкууланды.

Мына жогорудагы кемчиликтер жыйынтыгында келип улуттун ден соолугуна олуттуу зыян келтируудо. Минералдык азыктардын ашыкча берилиши, зыяндуулугу жонундо союз учурунда эле айтылып келген. Озгочо кан басымын жогорулатат, бойрок боор ички органдарга ото зыян. Ал эми ГМО урондордон алынган азыктар жаштардын тукумсуздугуна дагы алып келери врач адистер тарабынан такай айтылууда.  

Биз откоргон тренингде аз да болсо ушул кемчиликтердин алдын алуу, келечекте органикалык чарбаларды ар бир уй було озунон баштоону сунуш кылдык. Тренингде  конкреттуу томондогудой сунуштарды бердик:

1.Азык тулук ондуруудо сертификаты жок уронду пайдаланбоо, тиешелуу документтерди талап кылуу

2.Жер аянтына минералдык жер семирткичтерди пайдаланбастан органикалык жер азыктарын гана пайдалануу

3.Момо бактарына жашылча жемиштерге тушкон зыянкечтерди жок кылуунун алдын алуу биологиялык, механикалык жана элдик ыкмаларды пайдалануу, акырында дары дармектерди агродукондордон гана алуу жагын