Print logo

Кыргызстан/Тогуз-Торо
«Эне жана тарбия»

2021-жылдын 17-18-19-май күндɵрү Тогуз-Торо районунда Кара-Суу, Казарман айылдарында Энелер күнүнɵ карата «Эне жана тарбия» - деген темада 3 күндүк микротренинг өткөрүлдү

Микротренинг райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Чолпонай Жеңишова тарабынан Ханнс Зайдель фондунун колдоосу менен 150 энелерге өткөрүлдү.

Тренингтин катышуучулары:

  • билим берүү өкүлдөрү,
  • саламаттык сактоо өкүлдөрү,
  • райондук мамлекеттик администрациянын кызматкерлери
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери,
  • Жергиликтүү кеӊештин депутат айымдары, 
  • массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү,
  • ошондой эле социалдык кардарлар,
  • жөлөкпул алуучулар,
  • жумушсуз болуп каттоодо турган жарандар.

Эне жана тарбия темасы бүгүнкү күндɵ актуалдуу маселе экендиги айтылып, айылдарда дагы тарбия, тартип боюнча чогулуштарды ɵтүп туруу керек экени айтылды.

Ал эми жергиликтүү маселелерди чечүү жагы микротренингге келген депутаттарга  сунушталды.

Микротренингдин аягында Энелер күнүнɵ арналган концерттик программа жана сый тамак уюштурулду.