Print logo

Кыргызстан/Ош
Жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдарынын долбоорлордун туруктуулугун камсыз кылуудагы ролу

Микротренингди Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясынын жана Ханнс Зайдел фондунун стипендиаты, АРИСтин Ош областы боюнча аймактык координатору Марат Сагынбаев өзүнүн облустук командасынын адистеринин жардамы менен өткөрдү.

Ош областынын Алай, Араван,  Ноокат, Өзгөн, Кара-Кулжа жана Кара-Суу райондорундагы 87 айылдык аймактарынын ФЭБ башчыларына, айылдык кеңештеринин төрагаларына, жайыт комитеттеринин башчыларына  2021-жылдын 22-29-мартында ар кандай донор каржы уюмдары аркылуу курулган же сатып алынган  чакан долбоорлордун туруктуулугун камсыз кылуу  багытында “Жергиликтуу оз алдынча башкаруу органдарынын долбоорлордун туруктуулугун камсыз кылуудагы ролу” темасындагы микротренингдер өткөрүлдү.  

Микротренинг Германия мамлекетинин Ханнс Зайдел фондунун Борбордук Азиядагы өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен уюштурулду.

Микротренингди Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясынын жана Ханнс Зайдел фондунун стипендиаты, АРИСтин Ош областы боюнча аймактык координатору М. Сагынбаев өзүнүн облустук командасынын адистеринин жардамы менен өткөрдү.

Ал эми микротренингди уюштурууда райондук мамлекеттик администрацияларынын башчылары-акимдери жана айыл өкмөттөрдүн башчылары өздөрү көзөмөлгө алып, катышуучулардын катышуусун жана микротренинг өтүүчү жайды уюштуруп беришти.  

Микротренинге катышкандардын саны 193  катышуучу. Катышуучуларга берилген негизги маалыматтар – акыркы эки-уч жылда айыл аймактарда канча долбоорлор ишке ашырылды, алардын каржылоосу менен кандай объектилер курулду же ремонттолду, ошолордун толук санын тактоо, атайын АӨ башчысынын буйругу менен комиссия түзүп, алардын абалы менен таанышып чыгуу.

Ремонт талап кылган объектерге акт түзүп, анын негизинде сметасын эсептетип, АӨтунун кийинки жылкы бюджетине киргизүү.

Микротренингде катышуучулар кичи группаларга бөлүнүп, ветсервистин, жолдун, көпүрөнүн кезектеги ремонту үчүн керектүү кагаз иштерин даярдоону – өздөрү колдору менен даярдоону үйрөнүштү.  

Микротренингдин  негизги максаттарынын бири – Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фонду (IFAD) тарабынан каржыланып, АӨтөрүнүн карамагына өткөрүлүп берилген алты жүздөн дөн ашык кичи долбоорлордун коомчулукка узак убакыт кызмат кылуусуна багыт берүү болчу.  

Микротренингдин  катышуучулары Германия мамлекетинин Ханнс Зайдел фондунун Борбордук Азия өкүлчүлүгүнө ушундай микротренингдерди уюштурууга жардам көрсөткөндүгү үчүн терең ыраазычылык билдирүү менен мындан ары да кызматташууга даяр экендигин билдиришет.