Print logo

Кыргызстан/Сулукту
Способы повышения квалификации учителей

20-21 мая 2021 года при поддержке Фонда Ханнса Зайделя в Сулюктинском педагогическом колледже Баткенского государственного университета был организован тренинг на тему «Методы повышения квалификации учителей»

Кыргыз Республикасына Эмгек сиңиргер мугалим, педагогика илимдеринин кандидаты Гапыр Мадаминовдун “Акыл эмгегинин маданияты” жана “Устаттык Өнөрү” китептеринин негизинде даярдалган микротренинг, практикалык материалдардын негизинде өтүлдү.

“Тренингди Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы башкаруу Академиясынын магистранты (2014-жыл бүтүрүүчүсү), Ханнс Зайдель фондунун стипендианты Бакытбек Сапаркулов агай өтүп берди.

“Менин көз карашым боюнча, тренинг учурунда “Устаттык Өнөрү” жана “Акыл эмгегинин маданияты” китептериндеги маалыматтар синтезделип, жаш педагогдор үчүн жеткиликтүү болуп иштелип чыккан. Мага өзгөчө АЖППОК (адам, жаратылыш, предмет, проблема, окуя, кубулуш) системасы, негизин бөлүп алып, таблицага салып анан ошол боюнча логикалык жыйынтык чыгаруу ыкмасы жана китеп текстин стили боюнча окуп түшүнүү ыкмасы катуу таасир калтырды. Учурдан пайдаланып, автор Г.Мадаминовго, тренер Б.Сапаркуловго жана колдоо көрсөткөн Ханнс Зайдель Фондунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнө ыраазычылык билдиремин” - дейт Баткен мамлекеттик университетинин Сүлүктүдөгү педагогикалык окуу жайынын директору Райхан Мадаминова.

“Чакан тренингде “Билимдерди кайталоонун мааниси”-деген тема мага өзгөчө жакты, бир жагынан бул тема бардык предметтерди окууда колдонулат экен, экинчиден көндүмдөрү оңой, жөнөкөй жана студенттер үчүн кызыктуу да болот экен. Буюрса педагогикалык ишмердүүлүгумдө “Акыл эмгегинин маданияты” жана “Устаттык Өнөрү” китептерин негиз кылып аламын деп максат койдум”- дейт Сүлүктүдөгү педагогикалык окуу жайынын окутуучусу, шаардык Кеңештин депутаты Гульзина Сапарова.

“Мен буга чейин да Лейлек районундагы Гапыр Мадаминовдун №3-гимназиясына атайын барып, тажрыйба үйрөнүп келгем, бул тренингде да пайдалуу маалыматтарды алдым, өзүм англис тилчи болгондугумдан улам болсо керек, тренингде мага терминдер, түшүнүктөр менен иштөө дегени өзгөчө пайдалуу болду, практикалык иш учурунда өзүм да көндүмдөрдү аткарып көрүп, натыйжасын билдим” - дейт Сүлүктү шаарындагы балдар чыгармачылык борборунун мугалими Айхан Абдурахманова.